ПРОКТОЛОГИЯ БӨЛҮМҮ

«On Clinic – Бишкек» проктология бөлүмү түз ичегинин жана арткы тешиктин төмөндөгү ооруларынын диагнозун аныктоо жана дарылоо менен алектенет:

  • геморрой;
  • аналдык жаракалар;
  • аналдык бахромкалар, кондиломалар жана папилломалар.

 

Жүргүзүлгөн процедурлардын ыңгайлуулугу, натыйжалуулугу жана жетишилген жыйынтыктардын туруктуулугу – көйгөйдү чечүүдөгү биздин негизги артыкчылыктар.

 

Проктолог тарабынан дайындалган бир процедуранын узактыгы болгону 1-2 мүнөттү түзөт, ал убакта оору сезимдери жок болот же минимумга жеткирилет.

Проктология бөлүмүндөгү комплекстүү текшерүү төмөндөгүлөрдү камтыйт:

  • Видеоаноскопия (7 смге чейинки тереңдикте түз ичегини кароо);
  • Түз ичегини бармак менен изилдөө;
  • Диагноз коюу менен дарыгердин кеңеши.

 

Проктологдун текшерүүсүнөн өтүү алдында, мүмкүн болушунча, түз ичегини даярдоо керек, башкача айтканда бир күн мурун кечинде тазалоо клизмасын жасоо керек. 

 

Дарылоо ыкмалары

  • Медикаментоздук дарылоо: маздар жана свечалар.
  • Азинвазивдүү дарылоо (куралдар менен):

 - инфракызыл фотокоагуляция;

 - ички геморроидалдык түйүндөрдү латекстик лигирлөө.

 
Дарыгеринин кабылдамасына төмөнкү телефондор аркылуу жазылууга болот: (312) 62-40-40, (0556) 62-40-40