Гинекология бөлүмү

Гинекология бөлүмү жатын моюнчасынын эрозиясын жана аялдардын жыныс системасынын башка ооруларын дарылоо ишин жүргүзөт:

  • Радиотолкундуу ыкма менен (төрөй элек аялдарга да жарамдуу!) жатын моюнчасынын патологиясын дарылоо ;  
  • Кичине жамбаш чарасынын органдарынын сезгенүү ооруларын комплекстүү дарылоо;
  • Жашыруун жыныстык инфекцияларды заманбап жол менен дарылоо;
  • Эндометриозду медикаментоздук жол менен дарылоо;
  • Аялдардын тукумсуздугун дарылоо;
  • Сактануу ыкмаларын индивидуалдуу тандап берүү, ошондой эле жатын ичиндеги спиралды жайгаштыруу жана алып салуу;
  • Сырткы жыныс органдарындагы папилломаларды жана кондиломаларды жок кылуу;
  • Айыз циклинин бузулушун жана оору менен коштолгон айыздарды  дарылоо;
  • Медикаментоздук жол менен бойдон түшүрүү.

 

Диагнозду туура аныктоо үчүн зарыл болгон анализдердин баарын клиниканын процедуралык кеңсесинде тапшырууга болот. 

Дарыгеринин кабылдамасына төмөнкү телефондор аркылуу жазылууга болот: (312) 62-40-40, (0556) 62-40-40.