Жатын моюнчасынын эрозиясы

Жатын моюнчасынын эрозиясы аялдардын жыныстык системасындагы кеңири таралган оорулардын бири болуп саналат. Жыл сайын ал миллиондогон аялдардан кездешет, бирок көпчүлүгүнө ал түшүнүксүз бойдон кала берет: ал эмне деген оору, аны кантип дарылоо керек жана ал канчалык кооптуу.

Келгиле, биринчиден анын эмне экенин чечмелеп алалы. Жатын моюнчасынын эрозиясы – бул көбүнчө күзгү менен куралсыз карап текшерүүдө көрүнгөн жатын моюнчасындагы кемтикти жана кызарган жерди аныктап белгилөө үчүн колдонулган жалпы аталышы.

Жатын моюнчасы – бул жатындын жыныс кынына чыгуучу бөлүгү. Бул түздөн-түз текшерүүгө жеңил келген аялдын жыныстык системасынын жалгыз бөлүгү. Ошондой болсо да, дал ушул бөлүктө аялдын жыныстык системасында көбүнчө пайда болуучу ооруларынын экинчиси болгон залалдуу шишик (сүт бездеринин рагынан кийинки) жатын моюнчасынын рагы өсөт. Мунун себеби көп учурда бул көйгөйлүү маселе тууралуу бейтаптардын билиминин жетишсиздиги, көптөгөн адашуулар жана жатын моюнчасынын эрозиясы табылганда колдонулуучу иш-чаранын жетишсиздиги болуп эсептелет.      

Эрозиянын пайда болуусунун себептери

Эрозиянын пайда болуусунун баштапкы механизми (тагыраак айтканда эктопия) инфекция болуп саналат: стафилококктор, стрептококктор, ичеги таякчасы, энтерококк, ошондой эле жыныстык катнаш аркылуу жугуучу ар кандай оорулардын козгогучтары (хламидиялар, микоплазмалар, уреаплазмалар, АПВ (адамдын папилломасынын вирусу), гениталдуу герпес). Жатын моюнчасына эрозиянын жугуусуна жана өсүүсүнө ар кандай микротравмалар, төрөт учурундагы айрылуулар, аборт жасатууда жатын моюнчасынын жаракат алышы, кичине жамбаш чарасынын органдарында өнөкөт сезгенүү ооруларынын бардыгы түрткү болот. Былжырлуу челинин жергиликтүү сезгенүү процесси жогорулаган секреция менен коштолот, башкача айтканда жыныс кынынан чыгуучу ак суюктуктун пайда болушу. Бул кошумча кычышып дүүлүгүүгө жана былжырлуу челдин үстүңкү катмарынын жылаңачтануусуна алып келет. Мына ушинтип чыныгы эрозия пайда болот. 1 – 2 жумадан кийин чыныгы эрозия же жоюлат, же жатын моюнчасынын тышкы бөлүгүнүн жөнөкөй көп катмарлуу жалпак эпителийи жатын моюнчасынын моюнча (цервикалдуу) каналынын цилиндрлүү клеткалар менен ордун алмашканда кийинки баскычка (псевдоэрозияга) өтөт. Гинекологдун текшерүүсүндө эрозия табылса, көпчүлүк учурда бул чыныгы эрозия эмес, анткени ал узакка созулбаган гана мөөнөткө жашайт. Эрозиянын пайда болушуна ошондой эле ЖИСдын мурутчалары жана гормондордун бузулуулары да түрткү болот.   

Жатын моюнчасынын эрозиясынын симптомдору

Биз ооруганда биздин бир жерибиз оорушу керек деп биз көнгөнбүз (тиш, тамак, баш ж.б.) жана көпчүлүгүбүздү дал ушул оору адистерге кайрылууга аргасыз кылат. Ал эми эрозия болсо, тилекке каршы оорубайт жана көп учурда дарыгерге барганда күзгү менен текшерүүдө кокустан табылып калат. Мына ошондуктан көптөр аларда ушундай көйгөйдүн бары жөнүндө көпкө чейин такыр билишпейт.

Көпчүлүк учурларда жатын моюнчасынын эрозиясы клиникалык түрдө кээде гана билинет жана көбүнчө мындай диагноз гинекологиялык текшерүүдө гана аныкталат. Биринчи текшерүүдө эле дарыгер сизге жатын моюнчасынын эрозиясынын диагнозун коюп бере алат. Бирок, аны бир карап визуалдуу текшерүү жетиштүү эмес, диагноздун туура коюлушуна ынануу үчүн жана дарылоо тактикасын аныктоо үчүн жатын моюнчасынын патологиясы боюнча адиске кайрылуу керек, ал жатын моюнчасын кольпоскоптун жардамы менен толугураак карап чыгат. Кольпоскоп – бул жатын моюнчасын көп эсеге чоңойтуу менен текшерүүгө шарт түзгөн атайын аппарат, ал эми процедуранын өзү кольпоскопия деп аталат. Андан да жакшыраагы бул – видеокольпоскоп, аны колдонууда сиз көйгөйүңүздү телевизор экранынан өз көзүңүз менен көрө аласыз, ал эми дарыгер сизге бардыгын толугу менен көрсөтүп, түшүндүрүп берет. Көбүнчө куралсыз карап текшерүүдө байкалган эрозиядан башка жатын моюнчасындагы көйгөйлүү маселелердин көпчүлүгү кольпоскопия аркылуу текшерүүдөн кийин гана байкалат. Бир гана тереңдетилген кольпоскопия жатын моюнчасынын оорусуна так диагноз коюуга жана анын залалдуулугун аныктоого жардам берет. Эгерде ал аткарылбаган болсо, диагноз белгисиз. Жатын моюнчасындагы мүмкүн болгон онкологиялык абалдын диагнозун эрте текшерүү максатында кольпоскопияны жана мазокту онкоцитологияга тапшырууну жыл сайын өткөрүп туруу керек. Көбүнесе визуалдуу өзгөрбөгөн жатын моюнчасында тереңдетилген кольпоскопиянын жардамы менен гана дисплазиядан баштап жатын моюнчасынын рагы менен аяктаган жакшы эмес белгилер табылышы мүмкүн.

Дисплазия – бул жатын моюнчасынын эпителийинде жагымсыз өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында пайда болуучу оору. Ал жатын моюнчасынын рагына алып келүүчү кыска бир баскыч болуп эсептелет. Анын оордугунун 1,2,3 үч даражасы бар. Дисплазиянын жеңил эле даражасы менен жабыркаган аялдардын жарымында жатын моюнчасынын рагынын өрчүшү аныкталган. Дал ушунун себебинен, бул абалдын эрте баскычында диагнозун аныктап, өз убагында дарылоо залалдуу процесстин пайда болушун алдын алат.

Жатын моюнчасынын патологиясы табылганда текшерүү планына төмөнкүлөр кирет:
- флорага мазок тапшыруу;
- онкоцитологияга мазок тапшыруу;
- АПВ 16, 18 текшерүү;
- кольпоскопия;
- жыныстык инфекцияларын текшерүү;
- биопсия.

Сиз билүүңүз керек болгон кээ бир нюанстар:

  • Жатын моюнчасынын эрозиясы болбойт – жатын моюнчасынын патологиясы деген бар. Анын чечмелениши үчүн текшерүүдөн өтүп, андан кийин гана дарылоо керек. Жатын моюнчасынын ар бир патологиясы шишик процессинин башталышы болушу мүмкүн жана көпкө созулуп жүрө берсе, жатын моюнчасынын рагына айланат. Жатын моюнчасынын ракка чейинки жана рак өзгөрүүлөрү менен жабыркаган аялдардын бир бөлүгү консервативдүү ыкмалар менен (мүмкүн болгон бардык маздар менен бир нече иреттүү тампондор, свечалар, БАКтар) узак убакыт бою дарыланганы тастыкталган.
  • Жатын моюнчасынын патологиясы эч билинбей жүрө берет. Эгерде жыныстык акттан кийин келүүчү же күчөгөн бөлүнүп чыгуучу суюктук тынчыңызды алса, айрыкча кан аралашса – бул дарыгерге барууңуз керек дегендин белгиси. Бирок, эчтеке тынчыңызды албаса, гинекологго ар жыл сайын текшерилип туруу керек жана ар бир барган сайын кольпоскопиядан жана цитологиялык текшерүүдөн өтүп коюу зарыл. Ооруну өтө оор баскычына чейин өсүп кетүүсүнө жеткирбөө керек. Баары айыгат, эгер эрте табылса.
  • Жатын моюнчасынын патологиясы табылган кезде биринчиден сезгенүүнү дарылашат. Бул эктопиянын жоюлушуна алып келет, ал эми эң башкысы – мунусуз цитологиянын жана биопсиянын результаттарын туура интерпретация кылууга жана ошондой эле күйгүзүү процедурасын жүргүзүүгө болбойт. Аялдардын 50%нын дисплазия диагнозу сезгенүүгө каршы дарылоодон кийин азайат же жок болот.
  • Жатын моюнчасынын патологиясы тастыкталгандан кийин, аны (патологияны) аялдын жаш курагына, жашоосунда канча төрөгөндүгүнө карабай жок кылышат. Дарылоонун заманбап ыкмалары бул процессти кийинки төрөттөрүнө кесепет калтырбай жасоого мүмкүндүк берет.
  • Жатын моюнчасынын патологиясын жок кылуу – бул оору туудурбаган процедура. Сезимдер айыздын биринчи күнүндөгүдөй болот. Жагымсыз, бирок башка операцияларга салыштырмалуу чыдамдуу.
  • Жатын моюнчасынын патологиясы боюнча квалификацияланган адис – гинекологдо гана текшерилип дарылануу керек, ал эми дисплазиянын 3чү даражасы табылган кезде – онкологго кайрылуу зарыл. Мындай кырдаалда дарылоонун жетишсиздигине караганда кайталап дарылануу жакшыраак.
  • Жатын моюнчасынын патологиясынын кооптуулугу анын көлөмүнөн эч көз каранды эмес.
  • Жатын моюнчасынын эрозиясы – бул изилденбеген кызыл так, анын алдында бүт нерсе катылышы мүмкүн.
  • Медицинанын жалпы негиздерин эсиңизге тутуңуз: жаңы башталып жаткан же дагы баштала элек оорулар гана дарыланып айыгат.

Азыркы күндө жатын моюнчасынын патологиясын дарылоонун көптөгөн эффективдүү ыкмалары кездешет, бирок алардын заманбап жаңысы жана коопсузу артыгыраак. Ал эми бул болсо радиотолкундуу ыкма жана лазеротерапия.

Дарылоо ыкмалары.

Жатын моюнчасынын эрозиясын дарылоонун көп колдонулган бир нече классикалык ыкмалары кездешет. Жөнөкөй «күйгүзүү» же медициналык терминологияда айтканда, диатермокоагуляция ыкмасы. Диатермокоагуляция процедурасын жүргүзүүдө дарыгер электр тогунун жардамы менен моюнчанын бузулган жерин жоюп жок кылат. Бул процедура кошумча ооруларды пайда кылышы мүмкүн: жатын кошумчаларынын өнөкөт сезгенүүсүнүн өрчүшү, айыз циклинин бузулуусу, жатын моюнчасынын эндометриозу. Диатермокоагуляциянын кесепети жатын моюнчасынын ийкемдүүлүгүнүн жоголушу болушу мүмкүн, ал болсо кийинки төрөттөргө ыңгайсыздык жаратат. Ал эми айыгуу узактыгы – 8ден 10 жумага чейин. Эң аярлуу ыкма – бул криодеструкция. Эрозия болгон жер суюк азот менен тоңдурулат. Процедура учурунда оорулуу эмес ткандар дээрлик жабыр тартпайт, бирок толугу менен өз калыбына келүү үчүн 8-10 жумадан кем эмес убакыт керектелет. Хирургиялык лазердин жардамы менен дарылоо жаман эмес жыйынтыктарды берет жана тез айыгууну камсыз кылат. Бирок бир канча мөөнөттүн өтүшү менен гинекологдор лазерди колдонуу кээ бир алыстагы кошумча оорулардын келип чыгышына түрткү берет деген ойго келишти.

Жатын моюнчасынын эрозиясын дарылоонун көңүл коюуга чыныгы татыктуу жалгыз ыкмасы – бул радиотолкундуу ыкма. Ellman International Inc. америкалык компаниясы чыгарган «СУРГИТРОН» радиотолкундуу аппараты медицинанын ар кандай областтарында кенен колдонулат: гинекология, колопроктология, хирургия, дерматология, офтальмология, стоматология.

Биздин клиникада жатын моюнчасынын эрозиясын дарылоо заманбап жаңы радиотолкундуу ыкманын жардамы менен жүргүзүлөт. Процедура мөөнөтү боюнча өтө кыска, бир нече мүнөт эле жана ал амбулатордук шартта жүргүзүлөт. Бул ыкма оору менен коштолбойт, тырыктуу өзгөрүүлөрдү калтырбайт (жогорку косметикалык эффект), кан кетирбейт жана ошондой эле стерилизация эффектиси бар. Жаракат андан кийин тез айыгат. Радиотолкундуу таасирдин эффективдүүлүгү өтө жогору. Ал эми радиотаасирден кийин кайталануулар дээрлик кездешпейт. Жатын моюнчасынын патологиясын дарылоо үчүн радиотолкундуу ыкма айрыкча төрөй элек аялдарга туура келет. Ал оору менен коштолбой эле эмес, кийинки кошбойлуулук үчүн дагы коркунуч туудурбайт.

Жатын моюнчасынын эрозиясын дарылоодон тышкары, биздин борбордо радиотолкундуу ыкманын жардамы менен папилломаларды, кондиломаларды жоюу жүргүзүлөт. 

  •  

«On Clinic - Бишкек» дарыгеринин кабылдамасына төмөнкү телефондор аркылуу жазылууга болот: (312) 62-40-40, (556) 62-40-40, же болбосо биздин сайттагы жазылуу формасы аркылуу

 

 

Врачи отделения