«On Clinic – Бишкек» Эл Аралык Медициналык Борбору

On Clinic – Бишкек  – бул жаңы заманбап диагноз аныктоочу жана дарылоочу технологиялар колдонулган жана мыкты адистер кабыл алуу жүргүзгөн  клиника.  

«On Clinic» дарыгерлери өздөрүнүн кесиптик деңгээлин ар дайым жогорулатып турушат, чет мамлекеттик клиникаларда стажировкадан өтүп турушат, алардын карамагында эң алдыңкы усулдар жана заманбап диагноз аныктоочу жана дарылоочу жабдуулары бар, ал эми эң башкысы – өздөрүнүн дарыгерлик кесибин абдан сүйүшөт жана ага жоопкерчилик менен мамиле кылышат.   
 

Клиниканын ишинин негизги багыттары:

  • Урология (дараметти калыбына келтирүү жана жакшыртуу, уруктун эрте түшүүсүн, простатитти, жашыруун инфекцияларды дарылоо, аденоманы операциясыз дарылоо)
  • Проктология (геморройду жана түз ичегинин жарыгын операциясыз дарылоо, перианалдык косметология)
  • Гинекология (сезгенүү ооруларынын диагнозун аныктоо жана дарылоо, жатын моюнчасынын эрозиясын радиотолкундуу ыкма менен , дарылоо, сактануу ыкмаларын тандап берүү, медикаментоздук жол менен бойдон түшүрүү)
  • Дерматология (псориазды, ошондой эле тери ооруларын иммунодепрессанттарсыз жана гормондорсуз дарылоо)
  • Трихология (чачтын түшүүсүн дарылоо)
  • Косметология 
  • УДИ – диагноз аныктоо

 

Бейтаптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен, 2012-жылы клиника ыңгайлуу жайгашкан жаңы имаратка которулган. Жаңы жайгашуусу клиникага келүүчүлөргө, анын ичинде текшерилүүгө келген шаар четинин жашоочуларына да, башка шаардык бейтаптарга да эч кыйынчылыксыз барып келүүгө шарт түзөт.

Сизге ыңгайлуу убакытта алдын-ала жазылуу боюнча бир эле жерде Сиз диагноз аныктоодон өтүп, дароо дарылоону баштай аласыз. Клиникада колдонулган дарылоонун баардык ыкмалары аз травмалуу жана ооруну жаратпайт. Алар стационар мекемеде реабилитациядан өтүүнү талап кылбастан, бейтапты адаттагы жашоо мүнөзүнөн алагды кылбайт.
«On Clinic - Бишкекте» Сизге толук купуялуулук кепилденген.
 

«On Clinic - Бишкек» дарыгеринин кабылдамасына төмөнкү телефондор аркылуу жазылууга болот: (312) 62-40-40, (0556) 62-40-40,  (0706) 62-40-40 же болбосо биздин сайттагы жазылуу формасы аркылуу